Бишкек, 07.04.25./Кабар/. 5-апрелде Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги Вашингтон шаарында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, майрам Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте уюштурулду.
Чакырылган коноктордун арасында дипломатиялык корпустун, АКШнын Мамлекеттик департаментинин, аналитикалык борборлордун, АКШнын мамлекеттик органдарынан, Вашингтондогу эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсү болду жана кыргыз диаспора катышты. Иш-чара ар бир өлкөнүн маданий оюн-зооктору жана улуттук тамак-аштардын тартулоо менен коштолду.
Ошондой эле кыргыз маданиятын жана иденттүүлүгүн жайылтуунун алкагында улуттук тамак-аштар, кыргыз атрибутикалары, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү, белгилүү комуз күүлөрү көрсөтүлүп, туристтик роликтер жана өлкө тууралуу презентациялар көрсөтүлүп, элчи Айбек Молдогазиев өз сөзүндө боордош өлкөлөрдү Нооруз майрамы менен куттуктап, азыркы майрамдын өзгөчө маанисин белгиледи.
"Майрам Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери тарабынан Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюунун фонунда өтүп жатат – бул Борбор Азияда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоодогу тарыхый жана маанилүү кадам", - деди ал.
Белгилей кетсек, бул билдирүү коноктордун жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн өзгөчө кызыгуусун жана позитивдүү реакциясын жаратты.
Майрам "Нооруз" темасында балдардын сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи менен аяктады.