Кыргызстандын Будапешттеги элчилигинде Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Маданият Загрузка... 27 Март 2025 10:52
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. 21-мартта Кыргызстандын Будапешт шаарындагы элчилигинде Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага 200дөн ашуун мекендештер, Түрк мамлекеттер уюмунун Будапешт кеңсесинин өкүлдөрү, ошондой эле маданият ишмерлери жана мажар чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты. Анда бул майрам кыргыз элинин биримдигин жана маданий мурасын сактоонун жаркын символу катары белгиленди.

Элчи Талантбек Кушчубеков өзүнүн куттуктоо сөзүндө мамлекеттен алыс жүргөнүнө карабастан, мекендештердин мекенге болгон байланышы жана кыргыз маданиятына болгон сыймыгы өзгөрүүсүз сакталып жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү инсандар – Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев тууралуу эскерип, алардын эмгеги Кыргызстанды чыңдоого жана өнүктүрүүгө умтулган ар бир адам үчүн өрнөк экенин белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын алкагында кыргызстандык студенттердин концерти тартууланып, анда кыргыз эстрадалык жана фольклордук чыгармалары, анын ичинде "Маш Ботой" аткарылды. Ошондой эле катышуучулар Кыргызстандын Улуттук тарых музейи тарабынан даярдалган "Салттын сулуулугу" аттуу эл аралык этнологиялык фотокөргөзмө менен таанышышты.

Салтанат кыргыз улуттук тамактарынан турган майрамдык сый тамак менен жыйынтыкталды.