Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. 23-майда Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчиси, Венадагы Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) туруктуу өкүлү катары ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглуна ишеним нотасын тапшырды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун алкагында тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы учурдагы кызматташтык маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Элчи Нуржан Шайлдабекова кыргыз тараптын атынан ЕККУнун Башкы катчысын ыңгайлуу убакта Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Өз кезегинде, Ф. Синирлиоглу Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын, уюм үчүн маанилүү өнөктөш экендигин баса белгилеп, эки тараптуу кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууга даярдыгын билдирди.
Ошол эле күнү элчи Нуржан Шайлдабекова Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары – Венадагы БУУнун бөлүмүнүн директору жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) Аткаруучу директору Гада Валиге туруктуу өкүл катары ишеним грамоталарын тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Венадагы БУУ мекемелери менен болгон көп тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү жана мындан ары тереңдетүү багытында пикир алмашышты. Кыргыз тарап Венадагы БУУ бөлүмүн негизги өнөктөштөрдүн бири катары эсептей тургандыгын белгилеп, учурдагы жана келечектеги долбоорлор боюнча активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде, Гада Вали Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.