Кыргызстандын элчиси АКШнын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 1778 17 Июнь 2025 16:30
IMG_20250617_155841_900.jpg
IMG_20250617_155841_294.jpg
IMG_20250617_155841_235.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20250617_155841_900.jpg
IMG_20250617_155841_294.jpg
IMG_20250617_155841_235.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. 11-июнда Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев Американын президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуудагы кыска маек учурунда элчи Молдогазиев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы күн тартибин алдыга жылдыруу, өлкөлөр ортосундагы бекем жана туруктуу достук мамилелерди тереңдетүүгө өз ниетин белгиледи.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга умтулуу ырасталды.