Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Нооруз майрамына карата салттуу иш-чара өттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, салтанатты Кыргызстан, Афганистан, Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттери биргелешип уюштурган.
БУУнун башкы катчысынын орун басары А.Мохаммед жана уюштуруучу өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Салтанаттуу иш-чарага Нью-Йорктогу дипломатиялык корпустан, БУУнун катчылыгынан жана диаспорадан 200дөн ашык коноктор чогулуп, аларга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Ноорузду майрамдоо салттары тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, улуттук музыкалык аспаптарда жандуу аткаруулар, ошондой эле аймактын даамдары тартууланды.
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери тарабынан Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюунун фонунда үстүбүздɵгү Нооруз майрамынын өзгөчө маанисин, бул тарыхый окуя Борбор Азияда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү этап экенин белгиледи.
Маалымат үчүн: Нооруздун мурасы дүйнөлүк аренада таанылган. 2009-жылы ЮНЕСКО Ноорузду адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизип, анын терең маданий маанисин жана ар түрдүү коомчулуктар ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодогу ролун моюнга алган. 2010-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп жарыялаган.