Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин дарегине Нооруз майрамына карата чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолору келип түштү.
Азербайжандын премьер-министри Али Асадовдун куттуктоосу
"Жаратылыштын жазгы жаңыланышын жана жаңы жашоонун башталышын белгилеген Нооруз биздин элдерибиздин маданий мурасы менен көп кылымдык каада-салттарынын биримдигин камтыйт. Ушундай бекем пайдубалдын негизинде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да прогрессивдүү өнүгүп, эки мамлекеттин ортосундагы достукту чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы горизонтторун ачууга көмөктөшөт деп ишенем. Бул майрамдарда Сизге чын дилимден бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине туруктуу тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун куттуктоосу
“Биргелешкен күч-аракеттер менен биз жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну ырааттуу түрдө камсыздайбыз деп ишенем. Биз мындан ары да боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн бекем достукка жана жакшы коңшулукка негизделген өзбек-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн жана көп кырдуу байланыштарды жигердүү өнүктүрөбүз. Сизге бекем ден соолук жана жооптуу ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана бакубат жашоо каалайм”, – деп айтылат жолдомодо.