Нооруз – мезгил менен баарлашуу

Коом Загрузка... 21 Март 2026 09:00
WhatsApp Image 2026-03-17 at 12.28.04.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Адамзат ар качан убакыт менен баарлаша билип, табияттын сырын аңдаганга умтулган. Өзүн курчаган чөйрө, жаратылыш койну, алпештеп өстүргөн мекени – адам үчүн эң ыйык түшүнүктөрдүн бирине айланып, аны менен ажырагыс тыгыз байланышта болот. Табият менен сырдашуу ар бир адамдын үнсүз монологуна айланат. Биз, табияттан өнүп, табияттан таалим алганыбыз үчүн аны менен үн катпай баарлаша билүүгө милдеткербиз. Табият сыры ар бир адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө аялуу катылып, бүткүл өмүрүн коштоп жүрүп олтурат.

Убакыт бизди алдыга сүрөп, а биз улам артта калган ирмемдерге бир кылчайып, өткөндү издеп андан тыянак чыгарабыз. Өткөн-кеткен, артта калган мезгилдердин дал ошол түйүнү, ата-бабаларыбыз байыртан ушуну терең баамдап күн менен түндүн теңелгенин, жер жаркып, жаратылыш ажайып кооздукка бөлөнө турган мезгил келип жеткенин, ал күн Нооруз экенин терең түшүнүшкөн.

* * *

Нооруз – мына дал ошол биз сөз кылып жаткан мезгил менен адамдын баарлаша билген эң бир ыйык сааттарынан болуп саналат. Нооруз – жөн гана катардагы күн эмес. Бул – космостук мыйзам ченемдүүлүктүн жердеги чагылдырылышы. Күн менен түн теңелген учур – табияттын улуу адилеттүүлүгү. Бул теңдик адамзат алдына: ички дүйнөңдө тең салмак барбы? Жарык менен караңгылыктын ортосунда өз ордуңду таба алдыңбы? – дегендей собол таштагансыйт.

* * *

Кыш – жер үстүндөгү бардык жан-жаныбарлар үчүн, адамзат үчүн оор сыноо. Ал адамды тынчтыкка мажбурлайт, өзүн-өзү угууга үйрөтөт. Кар баскан талаадагы жымжырттык – бул сырткы дүйнөнүн эмес, ички дүйнөнүн үнү. Адам дал ошол жымжырттыкта өзүнүн жалгыздыгын сезет. Бирок жалгыздык – бул боштук эмес, ал – ойлонууга берилген мүмкүнчүлүк.

* * *

Жаз келер замат табият оор уйкудан ойгонгон сыңары адамдын жан дүйнөсү да кыймыл-аракетке келет. Бул, ички кайра жаралуу!

Эски ойлор, эски таарынычтар, боюңда катылган коркунуч сезимдери кар сыяктуу эрип жок болууга тийиш. Эми, сен жаңы адамсың! Кайрадан бардыгын жаңыдан баштоого милдеттүүсүң! Эгер адамдын ички дүйнөсүндө дал ушундай ойлор жүрбөсө, адам жазды көргөнүнөн не опо!?

* * *

Нооруз адамды алдыга умтулууга, келечектен үмүт артууга, эски нерселерди унутууга, өзүн өзү түшүнүүгө чакырык таштайт. Адам ыза, таарыныч, жек көрүү өңдүү терс адаттардан арылбаса, кокус, өч алуу жана ич күйдүлүк, текеберлик жана ач көздүк, өзүмчүлдүк жана мерездик сыңары өтө ыпылас түшүнүктөр мээсинен орун-очок алып уялаган болсо, анда заматта өзү менен өзү күрөшүп кудум табият кайрадан жашыл түскө кулпургандай ыйыктыктырга бой урушу кажет. Муну, ириде өзүн өзү түшүнүү, табияттын ыйыктыгын аңдоо, жараталышыка кулдук уруу деп кабылдайбыз.

Унутуу – кыйла жеңил. Ал эми кечирим кылуу – оордукка турат. Эгер жан дүйнөсү жарды эмес кең пейил мүнөз күткөн пенде болсо, анда кечире билет.

Кечирим деген сөздүн өзүндө кандай улуулук жатат. Кечирим сураган адамды кечире бил жана өзүң да ар бир аракетиңе үңүлүп көрүп, ката кетирсең сени курчаган адамдардан кечирим сураганды үйрөн.

Адам – кечиримди бир гана өзүн курчаган адамдардан сураганды эмес, жемишин берип бизди баккан Жер-Энеден да сурай билүүгө тийиш!

Биздин бабалар дал ошол үчүн Улуу Нооруз күнү “кечирдим” деген сөздү баардыгынан бийик коюп, бири-биринин айыптары үчүн кечирим сурашып, ийин кагыштыра кучакташкан.

Кечирим – жөн гана сөз эмес, бул адамдын руханий өсүшүнүн белгиси!

* * *

21-март күнү – күн менен түндүн тең келерин, дал ушул улуу күндөн тарта жаратылыш койну да өзгөрүүгө карай бет аларын биздин ата-бабаларыбыз кайдан билишкен деп таңданам!? Жыл санакты кагаз-жазуусу жок кезде эле ойлоп таап коюшкан, ай менен күндүн тутулганын, күн менен түндүн теңелгенин, алдыдагы айларда аба ырайы кандай болот деп асманга карап так аныктама чыгарып коюшкан көчмөн кыргыз – демек, табиятты кастарлап, жаратылышка таазим эте билген улуу эл болгону анык. Биз, да дал ушул улустун Улуу күнү Ноорузда туруп, алдыдагы айлардан жалаң жакшылыктарды гана күтөлү...

Жаратмандык менен жаздын күнү алдыга арыштайлы!

Жаратмандык, ийгилик – өзүбүздөн!

Бар бол, Нооруз!