Айтыш, жарманке жана концерт: Манас шаары Ноорузду кантип белгилейт?

Аймак Загрузка... 19 Март 2026 13:07
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.54.10 (3).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. 21-март — Нооруз майрамына карата Манас шаарында кеңири программадагы салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Майрамдык салтанат эртең мененки саат 10:00дө борбордук "Азаттык" аянтында башталат.

Шаар тургундары жана коноктору үчүн төмөнкүдөй кызыктуу программалар даярдалган:

  • Театралдаштырылган оюн-зооктор жана чоң программадагы концерт;
  • Кол өнөрчүлөрдүн өзгөчө буюмдары коюлган жарманке;
  • Улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер;
  • Саат 14:00дө Барпы атындагы театрда төкмө акындардын айтышы өтөт.

Кечки программа саат 18:00дө "Азаттык" аянтында майрамдык чоң шоу-концерт менен уланат. Ага белгилүү эстрада жылдыздары катышып, шаардыктарга майрамдык маанай тартуулашат.

Мэрия бардык каалоочуларды жаз майрамын бирге тосууга чакырат.

Белгилей кетсек, бардык иш-чараларга кирүү акысыз.