Нооруз күнү Ошто миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Аймак 19 Март 2026 10:40
655220675_122204744378368081_8002737726322905224_n.jpg
654070100_122204744432368081_2172914714049581210_n.jpg
654220378_122204744966368081_1956353433543778218_n.jpg
654380751_122204744390368081_6570226812542072595_n.jpg
654876209_122204744846368081_1846052680378879047_n.jpg
655154351_122204744876368081_5680633442572175110_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Нооруз майрамына карата Ош облусунун аймагында 1000ден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү максатында өткөрүлгөн саптык кароо учурунда белгилүү болду.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, саптык кароонун жүрүшүндө кызматкерлерге коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча так тапшырмалар берилди.

Иш-чарага катышкан облус жетекчиси Аманкан Кенжебаев Нооруз элдик майрамы учурунда милиция кызматкерлери аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын белгилеп, жарандарды мыйзамдарды сактоого чакырды.