Нооруз майрамы: Бүгүн Нарын өзгөчө шаңга бөлөнөт

Маданият Загрузка... 21 Март 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-03-17 at 15.28.25.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарында Нооруз майрамы жогорку деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Майрамдык иш-чаралар Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта саат 11:00дө башталып, ага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Салтанаттын алкагында келген конокторду өзгөчө пролог жана театралдаштырылган көрүнүштөр тосуп алат. Расмий бөлүктө өлкө башчысынын куттуктоо сөзү, андан соң кеңири концерттик программа тартууланат.

"Сахнада Кыргызстандын белгилүү ырчылары, чыгармачыл жамааттары жана өнөрпоздору өнөр көрсөтүп, элдик жана эстрадалык чыгармалар жаңырып, майрамдын шаңын арттырат. Мындан тышкары, 120 адамдан турган “Шаттык” бий ансамбли, 50 добулбасчы жана массовка катышкан масштабдуу көркөм көрсөтүүлөр уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, бүгүн Нарын шаары өзгөчө майрамдык маанайга бөлөнүп, улуттук салт-санаа, ыр-күү жана маданий баалуулуктар кеңири даңазаланат.