Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Баткен облусунун борбордук стадионунда Нооруз майрамына карата майрамдык салтанат өтүүдө. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, алгач сүмөлөктү ачуу аземи болуп, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, шаар мэри Сейтек Кулубаев жана аким Данир Иманалиев жалпы элди куттукташты.
Майрамдын маданий бөлүгүндө элге Апаз Жайнаков атындагы музыкалык-драма театрынын артисттеринин театрлаштырылган программасы тартууланды. Андан соң, майрамдык иш-чара белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерт менен уланды.
Ошондой эле күрөш, таяк тартыш, аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу улуттук жана спорттук иш-чаралар менен коштолууда.
Андан сырткары улуттук тамак-аш жана кол өнөрчүлүк, сүрөт көргөзмөлөрү өтүүдө.