Ноокенде сел суусу кирген 64 турак жайдын короо-жайы тазаланды

Коом Жүктөлүүдө... 14 Июль 2026 18:20
746430255_1713411853144246_3994732159920096644_n.jpg
748053706_1714161329735965_7872044836269482908_n.jpg
747723519_1714161386402626_1335170130867764049_n.jpg
744871641_1714161433069288_6629729778922960451_n.jpg
745700076_1714161609735937_8916076040138653417_n.jpg
745715558_1714161286402636_818204024505542658_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Ноокен районунда сел суусу кирген 64 турак жайдын короо-жайы тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Канатбек Чыныбаев Ноокен районунда сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, райондук Жарандык коргонуу штабынын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө министр кырсыктын кесепеттерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын бардык күч жана каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, турак жайлардын короо-жайларын тез арада тазалоо боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмаларды берди.

Ошондой эле бардык керектүү атайын техникаларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүп берүү үчүн министрлик тарабынан толук мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.

"14-июль саат 18:00гө карата селден жабыркаган 466 турак жайдын 68инин короо-жайлары сел калдыктарынан тазаланды. Учурда тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте улантылып, кошумча күч жана техникалар тартылууда", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ тарабынан кырдаал толук көзөмөлгө алынып, сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери бардык тиешелүү кызматтардын катышуусунда үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.