Ноокенде ӨКМдин жаңы бөлүмү ачылды

Аймак 29 май 2025 17:53
501471158_1105133518326040_8097835840003632534_n.jpg
500949645_1105133288326063_5535796909898785854_n.jpg
502587129_1105133478326044_2633842188139765929_n.jpg
502519545_1105133271659398_49972384637655240_n.jpg
502471537_1105133351659390_5932895694037625016_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 29.05.25./Кабар/. Бүгүн, 29-майда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында ӨКМдин бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды.

Ведомстводон билдиришкендей, мекеменин курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталып, Ноокен райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен жалпы 17 млн сом акча каражаты жумшалган.

Белгиленгендей, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жана айыл тургундары катышты.

Облус башчысы Тилек Текебаев айыл аймак жашоочуларын куттуктап, өзгөчө кырдаалдар кызматынын жаңы бөлүмчөсүнүн ачылуусу — жергиликтүү элдин коопсуздугун сактоодо, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ага катар жарандарды ар түрдүү кырсыктардан сак болууга чакырды.