Аскер комиссариаттары жаңыланууда: Ноокенде курулуш башталды

Аймак 23 Апрель 2026 09:25
678204450_1455209469952482_6402527144357616954_n.jpg
679031149_1455209373285825_3992588300338823237_n.jpg
679067818_1455209656619130_2505529304980193104_n.jpg
679852885_1455209443285818_3326650044067490601_n.jpg
678067465_1455209376619158_1313807970978248987_n.jpg
678153695_1455209739952455_233458084233203225_n.jpg
678221915_1455209593285803_590673647325493956_n.jpg
678227169_1455209369952492_3274979048008254964_n.jpg
678317421_1455209563285806_4531609971033979850_n.jpg
678317893_1455209446619151_1644895928868080015_n.jpg
678393604_1455209663285796_5965532396599672707_n.jpg
678434330_1455209709952458_8043493749151667934_n.jpg
678870194_1455209533285809_31670651414085962_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Ноокен райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Имараттын пайдубалына капсула салуу аземинде коргоо министри Руслан Мукамбетов сөз сүйлөдү. Анын айтымында, жаңы объект аскердик башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга, жарандарды аскердик эсепке алуу жана мобилизациялык даярдыктын деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле министр өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодо инфраструктуралык долбоорлордун мааниси зор экенин баса белгиледи.

Курулуш иштери 2026-жылдын IV кварталында аяктап, имарат заманбап талаптарга ылайык пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, учурда Сокулук, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук аскер комиссариаттарында да ушундай эле курулуштар жүрүүдө. Мындан тышкары, Кара-Суу биргелешкен шаардык аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушуна да старт берилген.