Ноокенде 14 га аянтка тамчылатып сугаруу технологиясы менен кулпунай өстүрүү пландалууда

Аймак 5 август 2025 11:15
a7b8da5a-d087-4f38-a4f8-f3b5606305ab.jpg
c2469e97-85dd-4948-b261-bd2673026f71.jpg
3face400-98da-41ce-81ca-5cd30cb0cafa.jpg
Алдыга
Артка
a7b8da5a-d087-4f38-a4f8-f3b5606305ab.jpg
c2469e97-85dd-4948-b261-bd2673026f71.jpg
3face400-98da-41ce-81ca-5cd30cb0cafa.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Ноокенде "КЕНЧ" айыл чарба үрөөнчүлүк кооперативи тарабынан 14 гектар аянтка тамчылатып сугаруу технологиясы менен кулпунай өстүрүү долбоору ишке ашырылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда аянтта пленка жабуу жана сугат түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат.

Жаңы ыкма менен сугарылган аянтта жалпысынан 700 миң көчөт отургузуу пландалууда.

Бул багытта тандалып алынган "альба" жана "клери" сорттору — Италияда өндүрүлгөн, түшүмдүүлүгү жана мөмөсүнүн сапаты менен айырмаланган эл аралык деңгээлдеги сорттор.

Тамчылатып сугаруу ыкмасынын колдонулушу сугат суусун үнөмдөө менен бирге түшүмдүн сапатын жана көлөмүн арттырууга өбөлгө түзөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 0,50 гектар жер аянтына кеткен суу көлөмү так эсептелип, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу каралган.