Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Ноокен районунун Кызыл-Туу аймагындагы 105 гектар аянтка тамчылатып суугаруу системасы орнотулду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн 35 млн 285 миң сом каражат бөлүнгөн.
Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2024-жылдан тартып 105 гектар аянттагы талаалар жаңы системанын негизинде толук кандуу суу менен камсыз боло баштайт. Тамчылатып сугаруу технологиясы суунун үнөмдүү пайдаланылышын камсыздап, эгиндердин түшүмдүүлүгүн жогорулатат.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жылына бир гана суу чарба системасынан 183,6 миң кВт/саат электр энергиясы үнөмдөлүп, жалпы 482,7 миң м³ суу сакталат. Бул жаңы система дыйкандардын чыгымын азайтып, жер семирткичтердин өздөштүрүлүшүн жакшыртат.
Белгилей кетсек, тамчылатып сугаруу ыкмасынын натыйжасында жергиликтүү дыйкандар 70-80 пайызга чейин суу үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жетишет деп күтүлүүдө.