Ноокенде быйыл 724 электр мамысы орнотулат

Аймак 17 июнь 2025 15:40
Ноокенде быйыл 724 электр мамысы орнотулат
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Быйыл Ноокен районунда 724 электр мамычасы орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылйык, 5 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылып, 6 даана трансформатор жаңы курулары жана 8 даана трансформатордун эскилиги жеткен шкафтарын алмаштыруу каралган.

Ошондой эле 49 даана трансформаторду оңдоо, 396 даана трансформаторду жана 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларларынын 554 чакырымын техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалган.

Жогоруда аталган жумуштардын баары калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт. Жумуштар пландын негизинде жүргүзүлүүдө.