Ноокен: Кызыл-Туу айылындагы бала бакчанын имараты жаңыланды

Аймак 01 Июнь 2026 19:00
711906098_2099496094250977_3591208641452257926_n.jpg
712786406_2099496077584312_8512752071055274122_n.jpg
710216768_2099490560918197_1531262361038382086_n.jpg
713004315_2099496060917647_7850322318697034902_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында Ноокен районунун Кызыл-Туу айылындагы "Бакыт" балдар бакчасынын жаңы имаратынын ачылды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, салтанаттын жүрүшүндө облус башчысынын орун басары Ислам Увайдуллаев сөз сүйлөп, жалпы жамаатты жана айыл тургундарын жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен куттуктап, мекеме балдардын ар тараптуу өсүп, өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында "Бакыт" балдар бакчасында болгон кырсыктын кесепетинен имарат жабыркаган. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен республикалык бюджеттен 14 млн 300 миң сом каражат бөлүнүп, кыска мөөнөттө жаңы имарат курулуп бүткөрүлдү.