Ноокаттын Жийде айылындагы мектеп капиталдык оңдоодон өтүүдө

Аймак 28 октябрь 2025 16:35
kap8-216690093aca1a533.30098203 (1).jpg
kap9-782690093aca2aa41.19924856.jpg
kap-855690093aca283a5.06476129.jpg
kap7-290690093aca25393.96558221.jpg
kap10-605690093aca22b10.66539448.jpg
Алдыга
Артка
kap8-216690093aca1a533.30098203 (1).jpg
kap9-782690093aca2aa41.19924856.jpg
kap-855690093aca283a5.06476129.jpg
kap7-290690093aca25393.96558221.jpg
kap10-605690093aca22b10.66539448.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы Жийде айылында М.Мамытов атындагы орто мектепте капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Мектептин жалпы аянты 3500 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө окуу имаратынын ички жасалгалоо жана жылытуу системасын орнотуу иштеринин 90 пайызы бүткөрүлүп, имараттын сырткы иштери уланууда. 

Белгилей кетсек,  мектеп 1990-жылы курулуп, ири капиталдык оңдоодон биринчи жолу өтүп жатат.