Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бүгүн Ноокат районунун Нарай айылында 100 орундуу “Жаш жеткинчек” жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Сметалык баасы 50 млн сомдон ашуун. Жаңы бакча эки кабаттуу, ичинде балдар үчүн бардык заман талабына жооп берген шарттар түзүлгөн. Сыртында оюн аянтчалар жана 4 даана көлөкө чатырлар жайгашкан.