Ноокаттын Муркут айылында 24 млн сомго жаңы спорт комплекс курулду

Аймак 08 Июль 2026 14:40
741215321_1533057058293338_6328357577057361940_n.jpg
740562727_1533057068293337_3094382776018864098_n.jpg
741648794_1533057074960003_3505495082579061640_n.jpg
742059879_1728331528365734_4691050208024937938_n.jpg
742800236_1419529603562781_8003583612106766541_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Ноокат районунун Муркут айылында жаңы спорткомплекс курулду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 24 млн сомду түздү.

"Жаңы спорткомплекстин жалпы аянты 421 чарчы метрди түзүп, Г формасындагы эки блоктон турат. Анда спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, ошондой эле волейбол, баскетбол жана футбол боюнча машыгууга жана мелдеш өткөрүүгө ылайыкталган көп функциялуу спорт залы каралган.

Жаңы спорткомплекс ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.