Ноокаттын Көк-Бел айыл өкмөтүнө жаңы суу чачуучу техника тапшырылды

Аймак 15 Сентябрь 2025 15:44
547857663_122184791972368081_1624480091286625211_n.jpg
548030789_122184792074368081_1675209680034188111_n.jpg
Алдыга
Артка
547857663_122184791972368081_1624480091286625211_n.jpg
548030789_122184792074368081_1675209680034188111_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Бүгүн Ноокаттын Көк-Бел айыл өкмөтүнө жаңы суу чачуучу техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Техниканын ачкычын президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев тапшырды.

Суу чачуучу унаанын жалпы баасы 2 млн 450 миң сомду түзүп, ал Ош облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланды.

Аталган техника аймактын инфраструктураны жакшыртуу жана калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында колдонулат.