Ноокатта 225 орундуу мектеп жыл аягында пайдаланууга берилет

Аймак 21 Май 2026 15:10
704637546_1491789015753476_9056707793279948672_n.jpg
703467669_1491788695753508_4044476537819731167_n.jpg
Алдыга
Артка
704637546_1491789015753476_9056707793279948672_n.jpg
703467669_1491788695753508_4044476537819731167_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, долбоордун жалпы наркы 164 млн сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, мектеп үч блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулууда. Анда окуу класстары, ашкана, китепкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы болот. Учурда имараттын ички курулуш-монтаждоо иштери аткарылууда.

Мектептин курулушун жыл аягына чейин аяктоо пландалууда.