Ноокаттын Кара-Кой жайлоосуна баруучу жол асфальтталууда – видео

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2025 17:35
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Ноокат районуна караштуу Кара-Кой жайлоосуна баруучу Телман – Кара-Кой унаа жолу оңдолуп, учурда жолго асфальт төшөлүүдө.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул иштер жергиликтүү тургундарга жана туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт.

Кара-Кой жайлоосу эс алуу жана экотуризм багытында өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан жол инфраструктурасын жакшыртуу – аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошумча түрткү бермекчи.

Жол курулуш иштери тиешелүү тармактык мекемелердин көзөмөлүндө уланууда.