Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Ноокат районунда "Камалдин-Ата" дыйкан чарбасында 10 миң тоок багылып, күнүнө орточо 9-9,5 миң даана жумуртка өндүрүлүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өндүрүлгөн продукциялар жергиликтүү базарларда сатылып, калкты ата мекендик сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого өбөлгө болууда.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан 1 гектар жайыт жердин багыты өзгөртүлүп, ишкерге пайдаланууга берилген. Учурда чарбада 10 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болгон.
"Айыл чарба министрлиги тарабынан аймактарда мындай өндүрүштүк жана кайра иштетүү багытындагы долбоорлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү багытындагы иштер ырааттуу жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.