Ноокаттагы “Бешбурхан” көмүр кени күзүндө ишке берилет

Экономика Загрузка... 22 Июль 2025 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Өлкөдө быйыл ишке берилүүчү 128 ишкананын бири Ош облусунун Ноокат районундагы “Бешбурхан” көмүр кени жыл аягында, октябрь-ноябрь айларында ишке берилет. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-07-22 at 16.51.27.jpeg

Анын айтымында, аталган кендин аянты 317,2 гектарды, ал эми көмүрдүн жалпы запасы 45,1 млн тоннаны түзөт.

“Бешбурхан” көмүр кени боюнча тиешелүү мекемелерден корутундулар алынып бүтүп, лицензиялык келишим узартылды. Техникалык-экономикалык оптималдаштырууга байланыштуу эски шахтаны даярдоо иштери жүрүп жатат. Быйылкы жылдын октябрь, ноябрь айларына кенди толук кандуу ишке бергенге аракет кылып жатабыз. Алгач көмүрдү казуу эмес, кенди иштетүүгө даярдоо иштери жүрүп жатат. Кен ишке кирсе 20 киши иш менен камсыз болот”, - деди Маматов.

Белгилей кетсек, ишкана жетекчиси “Бешбурхан” көмүр кени толугу менен инвесторлордун каржылоосу менен ишке берилерин маалымдады.

WhatsApp Image 2025-07-22 at 16.51.40.jpeg

“Каржылоо “Шаньси Коал Инвестмент Групп” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, 25 млн доллар өлчөмүндө инвестиция каралган. “Кыргызкөмүр” ишканасы менен кенди ишке киргизүү келишими түзүлгөн. Келишимди биз инвесторлор менен кенди иштетүүдө 30/70 үлүштүк пайыз менен түзгөнбүз. Кийин даяр көмүрдүн 30 пайызын биз алабыз”,- деди ал.

Маалым болгондой, быйыл “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы 5 көмүр казуу объектисин (“Тегене”, “Маркай”, “Бешбурхан”, “Кожо-Келең”, “Сүлүктү 11-талаа”) пайдаланууга берет. Алардын бири аталган “Бешбурхан” объектисин жыл соңунда ишке берүү пландалууда. Объект толугу менен инвесторлордун каражатына курулуп, өздүк каражат каралган эмес.

“Кыргыз көмүр” ишкана жетекчисинин айтымында, жалпы статистикада Кыргызстан боюнча жылына 4,5 млн тоннага жакын көмүр өндүрүлөт. Анын ичинен 3 млн тоннадай көмүр ички рынокко керектелсе, 1,5 млн тоннага чейин Кытай, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө экспорттолот. Быйылкы жылга пландалган 5 көмүр кени толук ишке кирип, белгиленген көлөмдө көмүр өндүрө баштаса, ички керектөө толук жабылып, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңеймекчи.