Ноокатта жаратылышка зыян келтиргендерге 30 миң сомдон ашык айып салынды

Укук тартиби Загрузка... 01 Сентябрь 2025 09:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon NABU Кыргызстан уюму

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Ноокат районунда жаратылышка зыян келтиргендерге 30 миң сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунда мыйзамсыз кекилик багып, аны сатууга аракет кылган жаранга 10 миң сом, уруксатсыз балык кармаган 13 жарандарга миң сомдон, экологиялык мыйзамдарды бузуу менен курулуш таштандыларын таштаган оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусуна 7500 сом айып салынды.

Тактап айтканда, Ноокат районунун Баглан айылынын тургуну үйүндө багып жаткан 10 баш кекиликти сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Ага Укук бузуулар кодексине ылайык, 10 миң сом айып салынды жана кекиликтер алынып, жаратылышка кое берилди.

Мындан сырткары, Найман суу сактагычына бараткан жолдун четине оор жүк ташуучу унаа менен курулуш таштандыларын таштап жаткан жеринен кармалган айдоочуга 7500 сом айып салынды.

Ошондой эле Ноокат районундагы Найман суу сактагычында балык уулоо менен мыйзамсыз алектенген жергиликтүү 13 тургун кармалып, алардын ар бирине миң сомдон, жалпы 13 миң сом айып салынды.

"Экологиялык талаптарды бузуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасагандарга салынган айыппулдардын жалпы саны 30500 сом болду. Рейддин алкагында, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүлүп, жаратылышка аяр мамиле кылуу керектиги айтылды",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул иштер NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Ноокат райондук ИИБнын аймактык тескөөчүсү менен биргеликте өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө аткарылды.