Ноокатта Телман – Кара-Кой жолунун 16 чакырымы асфальтталууда

Аймак Загрузка... 04 Август 2025 11:50
Безымянный.png
copyright icon WWW

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Ноокат районундагы Телман – Кара-Кой унаа жолу асфальтталууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун 9-25-чакырымдар аралыгына асфальт тɵшɵɵ пландалган. Учурда 4 чакырымына асфальт тɵшɵлүп бүттү.

Учурда калган жол тилкелеринде жол негизи даярдалып, асфальттоо иштери улантылууда.

Эске салсак, жолдун курулушун министр Абсаттар Сыргабаев жеринен кɵзɵмɵлдɵп, №37 жол тейлɵɵ ишканасына мɵɵнɵтүнɵ жана сапатына кɵңүл буруу талабын койгон.

Аталган жол аратылыш паркына барган жалгыз гана жол болгондуктан айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында асфальт тɵшɵɵ иштери бир тараптуу жүрүп жатат.