Ноокатта суу каналдарына бетон катмары төшөлүүдө

Аймак Загрузка... 30 Март 2026 10:39
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Ноокатта суу каналдарына бетон катмары орнотулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районундагы "Грейд-Шарон" жана "Федоров" каналдарына жаңы технология менен бетон катмары төшөлүп жатат. Бетон төшөлмөсү жалпы 1700 метр аралыкка төшөлөт. Бул жумуштарга жалпысынан 20 млн 500 миң сом жумшалат.

Аталган иштерди райондук суу чарба башкармалыгы жүргүзүүдө.