Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда Рамазан айынын урматына 550 үй-бүлөгө жардам иретинде азык-түлүк берилди. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти.
Мекеменин билдирүүсү боюнча, бул кайрымдуулук иш-чарасы Мирмахмудов, Гулистан жана Көк-Жар айыл аймактарындагы мечиттерде жүргүзүлгөн.
— Гулистан айыл аймагындагы «Бостон» мечитинен 60 үй-бүлөгө жана “Абу Ханифа» мечитинен - 160 үй-бүлөгө;
— Мирмахмудов айыл аймагындагы «Молдо Абдукаххар» мечитинен 100 үй-бүлөгө;
—Көк-Жар айыл аймагынында жайгашкан «Борбаш» жана «Алашан 1» мечиттеринен 230 үй-бүлөгө жардам берилген.
«Биздин имамдардын жыл сайын орозо айындагы иши – активдүү түрдө кайрымдуулук иштерин жасоо. Ушул ыйык айда имамдардын демилгесин колдогон жергиликтүү жамааттарга ыраазычылык билдиребиз», – деген башкы имам Бекназар Жапаров.
Белгилей кетсек, азык-түлүк салынган 550 баштык жасоо үчүн 890 миң сом коротулган.