Базар баасынан арзан сатылат: Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Коом Загрузка... 10 Апрель 2026 10:00
162069491_508897404.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 11-12-апрель күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкелерге жергиликтүү өндүрүүчү, дыйкан жана кол өнөрчүлөр катышып, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунушташат.

Жарманке борбор калаадагы Т.Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат.

Мындай жарманкелер өлкө аймагында июнь айына чейин өткөрүлөт.

Катышуучулар үчүн талаптар:

  • Сунушталган продукция сапаттуу жана гигиеналык талаптарга жооп бериши керек;
  • Баалар базар баасынан төмөн белгилениши зарыл;
  • Райондук агрардык башкармалыктан тастыктоочу документтин болушу милдеттүү.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номерлери: (0312) 66-14-22, 0702 70 20 00.