Ноокатта мыйзамсыз бошотулган дарыгерлердин укугу калыбына келтирилди

Коом Загрузка... 04 Апрель 2025 15:53
medyk.webp
copyright icon WWW

Ташкент, 04.04.25. /Кабар/. Мыйзамсыз бошотулган дарыгерлердин укугу калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан Ноокат аймактык ооруканасында жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган оорукананын башчысынын эмгек мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган буйругунун негизинде оорукананын 4 бөлүм башчысы ээлеген кызмат орундарынан негизсиз бошотулгандыгы аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында мыйзамсыз кабыл алынган буйруктар жокко чыгарылып, аталган кызматкерлер мурдагы жумуш ордуларына кайрадан кабыл алынган.