Ноокатта мал базарга биркасы жана чиби жок 40тан ашык мал келген

Аймак Загрузка... 12 Май 2026 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Ноокат районундагы Арал мал базарында ветеринардык-санитардык көзөмөл иштери жүргүзүлүп, бир топ мыйзам бузуулар аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкнедей, текшерүүнүн жүрүшүндө базарга киргизилген малдын саны жана абалы такталды. Жалпысынан 190 баш кара мал, 270 баш кой-эчки жана 60тан ашык жылкы эсепке алынган. Тилекке каршы, көзөмөл учурунда мал ээлери тарабынан ветеринардык талаптардын сакталбагандыгы аныкталды. Анын ичинен 25-30 баш кара малда идентификациялык бирка жок болгон жана 15 баш жылкы атайын чипсиз алып келинген.

Ошондой эле сатыкка коюлган малдын болжол менен 10 пайызында гана ветеринардык коштоочу документтери бар экени белгилүү болду.

Ветеринардык кызматтын адистери мал ээлерине малдарды базарга алып келүүдө сөзсүз түрдө бирка, чип жана тиешелүү документтердин болушу зарылдыгын эскертишти.