Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Ноокатта дыйкан-фермерлер үчүн тамеки өстүрүү боюнча семинар өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Семинарда фермерлерге тамекинин "Верджиния" жана "Дюбек 44-07" сортторунун үрөндөрү сунушталып, аларды өстүрүү ыкмалары жана жыйымтыктары тууралуу маалымат берилди.
Тамеки сортторунун өзгөчөлүктөрү: "Верджиния" – негизинен жогорку сапаттагы жогорку түшүмдүү сорт, табигый климатка оңой ылайыкташат. "Дюбек 44-07" – орто түшүмдүү жана оор шарттарга чыдамдуу сорт.
Белгилей кетсек, семинарда аймактагы фермерлерге тамеки өстүрүү процесси, жаңы сортторду өстүрүүнүн шарттары жана технологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилди. Иш-чарага агрардык секторунун өкүлдөрү, дыйкан жана фермерлер катышты.