Ноокатта Чечме-Сай каналы тазаланып, кеңейтилүүдө

Аймак 8 август 2025 13:05
528738396_122180289500368081_2628636497550048722_n.jpg
528422220_122180289512368081_3664426819328874690_n.jpg
528796607_122180289488368081_5119571262392347939_n.jpg
Алдыга
Артка
528738396_122180289500368081_2628636497550048722_n.jpg
528422220_122180289512368081_3664426819328874690_n.jpg
528796607_122180289488368081_5119571262392347939_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Ноокаттын Кара-Таш айыл өкмөтүндө Чечме-Сай каналы тазаланууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, каналдын жалпы узундугу 1500 метр. Ишти аткарууга зарыл болгон күйүүчү май облус башчысы Элчибек Жантаев тарабынан бөлүнүп берилген.

Учурда каналдын 350 метри тазаланып, иштер уланууда.

Күн мурун облус жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев жеринде аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Ал каналдын айрым тилкелери энсиз экендигин белгилеп, кеңейтүү боюнча тапшырма берди.

Чечме-Сай каналын тазалоо жана кеңейтүү иштери толук бүткөрүлгөндөн кийин аймактагы ирригациялык абал жакшыртылып, дыйкандар үчүн сугат суунун жеткиликтүүлүгү камсыз болот.