Ноокатта Бешбурхан көмүр кени ишке кирди

Аймак Загрузка... 29 Август 2025 19:18
copyright icon WWW

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Ноокатта Бешбурхан көмүр кени ишке кирди. Анда жылына 280 миң тонна көмүр өндүрүү пландалууда.

Көмүр казыла турган жердин аянты 317 гектардан ашат.

Долбоордун наркы 25 миллион долларды түзөт. Каржылоону Кытайдын “Шанси коал инвестмент групп” компаниясы жүргүзүүдө.

Өндүрүш ишканасында 200 жаңы жумуш оруну түзүлдү.