Ноокатта 74 млн сомго заманбап мектеп курулду

Аймак 24 Ноябрь 2025 16:40
587900246_1351990629733316_7510370523951438573_n.jpg
588332801_1351990803066632_3780832947429135544_n.jpg
588573704_1351990799733299_2882231264357977414_n.jpg
589062604_1351990659733313_1833623558383345995_n.jpg
589744106_1351990683066644_7153807655313118116_n.jpg
586858524_1351990646399981_3171435825647753532_n.jpg
586911324_1351990689733310_6635157910165246008_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Ноокат районундагы Герейт-Шорон мектебинин курулушу толук бүткөрүлдү, жакында пайдаланууга берилет.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 74 млн сомду түздү.

Башкы план боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы бар.

Мындан тышкары, лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары каралган. Объекттин жалпы аянты 1 705 чарчы метрди түзөт.

Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптардын негизинде Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.