Ноокат шаарына жаңы эвакуатор-манипулятор техникасы тапшырылды

Аймак 22 Июль 2025 10:40
518353247_122177837096368081_1997396296605703004_n.jpg
518402200_122177837084368081_6121702021141477420_n.jpg
519795713_122177837126368081_7936513298134298782_n.jpg
520085904_122177837234368081_2072489382540889313_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Күн мурун Ноокат шаарына жаңы заманбап эвакуатор-манипулятор техникасы расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев катышып, техниканын ачкычын шаар жетекчилигине тапшырды.

Эвакуатор-манипулятор техниканын жалпы баасы 4 млн 485 миң сомду түзүп, ал Ош облустук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржыланды.

Аталган техника Ноокат шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, мыйзамсыз токтотулган унааларды алып чыгуу жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу максатында колдонулат.