Бишкек, 31.10.25 /Кабар/. Ноокат районунун Жийде, Каранай жана Сарыканды айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында скважина чыгарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми аталган айылдын 16 884 тургуну таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз болушту.
Жылпысынан 5 скважина чыгарылып, бул үчүн 15 млн сомдук жумуштар аткарылган. Аталган маселе 2024-жылы өткөн III Элдик курултайдын делегаты Гүлдар Исманова тарабынан көтөрүлгөн.
Белгилей кетсек, 2025-жылга карата министрликке III Элдик курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара (12 пайыз) аткарылган, 360 иш-чара (88 пайыз) аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация маселесине (60 пайыз) жана ичүүчү таза сууга (23 пайыз) тиешелүү. Бул стратегиялык маанидеги маселелер учурда аткарылууда.