Ноокат районундагы кардиология бөлүмү жаңыланууда

Аймак 12 Сентябрь 2025 16:57
kardio2-34468c.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
kordio1-33868c.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
kardio2-34468c.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
kordio1-33868c.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык кардиология бөлүмү капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда оңдоо иштери аяктап калды, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Иштин жүрүшүндө имараттын фасады, чатыры, эшиктери жана полу алмаштырылып, ички курулуш-монтаждоо иштери аткарылды.

Белгилей кетсек, кордиялогия бөлүмүнүн имараты 1989-жылы 40 койкалуу болуп курулган, андан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.