Ноокат районунда эки сугат каналы пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 10 Октябрь 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.10.2025. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда Сапарбаев-1 жана Сапарбаев-2 суугат каналдары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табийгый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун айыл чарба адиси Аман Юлдашев билдирди.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 15.07.44 (3).jpeg

Анын айтымында, каналдарды куруу иштери Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып, жалпы 410 млн сом жумшалды.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 15.07.45 (2).jpeg

"Мурун каналдын башына 8 куб метр суу берилсе, аягына болгону 3–4 куб метри гана жетчү. Мындан тышкары, суунун каналдын аягына жетүүсүнө 7–8 саат талап кылынчу. Азыр болсо бул процесс болгону 2 саатка гана созулат. Натыйжада 5 миң 600 гектардан ашуун жер сугарылууда. Долбоор 2019-жылы башталган. Сапарбаев иригациялык системасы 3 лотко бөлүнүп ишке ашырылды. Биздин негизги максат суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табийгый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу”,-деди ал.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 15.07.45.jpeg

Юлдашев кошумчалагандай, эки каналдын ишке берилиши жергиликтүү дыйкандардын сугат суу менен камсыздалышын кыйла жакшыртып, суу жоготууларын азайтып, айыл чарбасында түшүмдүүлүк менен кирешени жогорулатууга шарт түзөт.

“Ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү айыл чарба секторун туруктуу колдоонун негизги багыттарынын бири”,-деди ал.