Ноокатта браконьерлерге айып салынды: 8 кекилик алынды

Укук тартиби 7 ноябрь 2025 14:20
579082050_825020023484462_935679992450523098_n.jpg
577773356_825020003484464_4290012132328668995_n.jpg
577773962_825020013484463_812568232567635506_n.jpg
Алдыга
Артка
579082050_825020023484462_935679992450523098_n.jpg
577773356_825020003484464_4290012132328668995_n.jpg
577773962_825020013484463_812568232567635506_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек ,07.11.25. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егери жана Набу уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери менен биргеликте рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө Ноокат районунун Чили-Сай участкасында аң уулоо эрежелерин бузган төрт жаран кармалып, аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесинин негизинде ар бири 12 500 сомдон 50 000 сомго чейин айып пул салынды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз түрдө 8 баш кекилик атылганы аныкталып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 16 000 сом өлчөмүндө доо коюлду. Ошондой эле рейд маалында башка мергенчилерге аң уулоо эрежелерин сактоо жана жапайы жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, Ош шаарынын Сүрөттүү-Таш участкасында белгисиз жаран тарабынан уруксат берилбеген жерге таштандылар ташталып, өрттөлгөнү аныкталды. Бул факты боюнча тиешелүү жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 151-беренесине ылайык административдик чара көрүлдү.

Министрлик жарандарды айлана-чөйрөнү таза кармоого, аң уулоо эрежелерин сактоого жана жаратылыш байлыктарын коргоого чакырат.