Ноокат – Папан унаа жолунун 5 чакырымы асфальтталды

Аймак Загрузка... 09 Июль 2026 17:20
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик маанидеги Ноокат – Папан унаа жолунун 5 чакырым аралыгы асфальтталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт.

Курулуш иштерин №37 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарды.

Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.