Ноокат: Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт

Аймак Загрузка... 15 Май 2026 12:30
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.08.01.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Быйыл Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев бүгүн эл менен жолугушууда айтты.

Анын маалыматына караганда, каражат райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнөт.

"Бул каражат айылдын жол инфраструктурасын жакшыртып, тургундардын жашоо-шарттарын олуттуу түрдө жакшыртууга өбөлгө болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда президенттин тапшырмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде эл менен жолугуп, жашоочулардын көйгөйлөрүн угушууда.