Өнөктөштөрдүн өлкөдөгү реалдуу процесстерге объективдүү баа бергени маанилүү - президент

Президент Загрузка... 01 Декабрь 2025 16:55
WhatsApp Image 2025-12-01 at 14.28.46.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Өнөктөштөрдүн өлкөдө жүрүп жаткан реалдуу процесстерди өз көзү менен көрүп, аларга объективдүү баа бергени абдан маанилүү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери жана бир катар мамлекеттердин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолукканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүгө дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 788 эл аралык байкоочу келди.

Байкоочулардын мындай кеңири сандагы өкүлчүлүгү эл аралык коомчулуктун өлкөдө жүрүп жаткан саясий процесстерге болгон зор кызыгуусун билдирип турат.

“Сиздердин ачык-айкын, калыс баа берүүңүздөр менен сунуштарыңыздар бизге балким, байкалбай калышы мүмкүн болгон кемчиликтерди көрүүгө жана демократия институттарын мындан ары да бекемдөө боюнча кийинки кадамдарыбызды так аныктап алууга жардам берет деп ишенем. Өнөктөштөрүбүз өлкөбүздө жүрүп жаткан реалдуу процесстерди өз көзү менен көрүп, аларга объективдүү баа беришкендиги биз үчүн абдан маанилүү”, - деди президент.