Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүп жаткан Универсалдуу борборунун адистештирилген багыттарынын бири – Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору жайгашат. Универсалдуу борбор жөнүндө жобону бекитүү чечими ШКУнун Бишкекте өткөн саммитинин алкагында кабыл алынды. Жаңы механизмдин Кыргызстан үчүн мааниси, демилгенин тарыхы, борбордун милдеттери жана анын аймактык коопсуздукту чыңдоодогу ролу тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маек курду.
— Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн саммитинин алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борбор жөнүндө жобону бекитүү чечими кабыл алынды. Бул чечим Кыргызстан үчүн эмнени билдирет?
— Кыргызстан үчүн бул чечимдин принципиалдуу мааниси бар. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактык коопсуздукту камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү жана практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча ырааттуу ишинин жыйынтыгы болду.
Биздин өлкө үчүн Универсалдуу борбордун түзүмүндө Бишкекте ишке ашырылуучу трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытынын каралышы өзгөчө маанилүү. Муну менен Кыргызстанга борбору болгон Бишкек азыркы мезгилдеги эң татаал коркунучтардын бири – трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган ШКУнун туруктуу иш алып баруучу механизмин жайгаштырган шаарга айланат.
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, бул борбор Кыргызстандагы ШКУнун алкагындагы биринчи туруктуу иш алып баруучу түзүм болот. Биз үчүн бул маанилүү саясий чечим гана эмес, чоң жоопкерчилик. Кыргызстан борбордун натыйжалуу иштеши жана уюмга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даяр.
— Бул демилге кандайча калыптанган?
— Бул демилгенин көп жылдык тарыхы бар жана ал ШКУга мүчө мамлекеттердин ырааттуу ишинин натыйжасы болуп саналат. 2021-жылы ШКУнун 20 жылдыгына карата кабыл алынган Душанбе декларациясында Кыргызстандын Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү демилгеси камтылган.
Ошол эле учурда ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн базасында Универсалдуу борборду жана Маалыматтык коопсуздук борборун түзүү боюнча демилгелер да каралган.
Кийинки жылдары бул демилгелер андан ары өнүктүрүлдү. Уюмга мүчө мамлекеттер тиешелүү укуктук жана уюштуруучулук базаны ырааттуу түзүштү.
2023-жылдын июнь айында КР Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Чолпон-Ата шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин аталган борборду түзүү маселеси боюнча консультациялары өткөн. Кыргыз тарап анын жобосунун, түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун сунуштаган.
Демек, бүгүнкү чечим бир жолку демилге эмес, Кыргызстан активдүү катышкан узак мөөнөттүү көп тараптуу иштин жыйынтыгы болуп саналат.
— Эмне үчүн трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калды?
— Трансулуттук уюшкан кылмыштуулук өзүнүн табияты боюнча бир мамлекеттин аймагы менен чектелбейт. Кылмыштуу топтор өз ишмердүүлүгүндө эл аралык байланыштарды, заманбап технологияларды жана чек ара аралык каналдарды колдонушат.
Ошондуктан мындай коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу ар кайсы мамлекеттердин компетенттүү органдарынын туруктуу өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде гана мүмкүн.
Дал ушундай ыкма ШКУнун алкагында ырааттуу өнүктүрүлүп жатат. Уюмдун расмий документтеринде терроризмге, сепаратизмге, экстремизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана бул коркунучтарга байланышкан маалыматтык мейкиндиктеги көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө кызматташуу каралган.
Бишкекте атайын багыттын түзүлүшү мындай кызматташтыктын практикалык бөлүгүн чыңдоого мүмкүндүк берет.
— Универсалдуу борбордун өзү кандай түзүм?
— Бекитилген моделге ылайык, Универсалдуу борбор Ташкент шаарында ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн базасында түзүлөт. Анын курамына тиешелүү адистештирилген багыттар, анын ичинде Ташкенттеги Маалыматтык коопсуздук борбору жана Бишкекте жайгаштырылуучу Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору кирет.
Муну менен ШКУнун коопсуздукту камсыз кылуунун бир нече негизги багыты боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн бириктирүүгө жана күчөтүүгө багытталган бирдиктүү механизми түзүлөт. Ошол эле учурда ар бир багыт өзүнүн өзгөчөлүгүн сактап, ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырылат.
— Кызматташтыктын кайсы практикалык багыттары каралган?
— Бекитилген документтер ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңири спектрин камтыйт. Алардын ичинде маалымат алмашуу, маалыматтык-аналитикалык иштер, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшүү, адамдарды издөө, биргелешкен машыгууларды өткөрүү, кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана тиешелүү тармактарда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү бар.
Мында Универсалдуу борбор улуттук укук коргоо органдарын алмаштырбай турганын жана алардын ыйгарым укуктарын өзүнө албай турганын принципиалдуу түрдө түшүнүү маанилүү.
Практикалык иш-чаралар мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык жүргүзүлөт. Дал ушул улуттук мүмкүнчүлүктөр менен ШКУнун көп тараптуу механизминин айкалышы кызматташтыкты системалуу жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет.
— Борбордун ишмердүүлүгүндө Кыргызстан кандай роль ойнойт?
— Кыргызстан Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү демилгесин көтөргөн жана бир нече жыл бою анын ШКУнун алкагында түзүлүшүн ырааттуу колдоп келген.
Бүгүн өлкөбүз демилге жана уюштуруучулук даярдык баскычынан бул чечимди практикалык ишке ашыруу этабына өттү.
Биз үчүн Борбор башынан эле толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон уюштуруучулук жана материалдык шарттарга ээ болушу маанилүү. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги аны жайгаштыруу үчүн имарат даярдап, ишин баштоо үчүн зарыл шарттарды түздү. Ошол эле учурда Борбордун иши Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде жүргүзүлүшү керек деп эсептейбиз.
Өз кезегибизде борбордун ишине мындан ары да зарыл жардам көрсөтүүгө, анын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары менен практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даярбыз. Борбордун түзүлүшүн Кыргызстандын демилгесинин жыйынтыгы катары гана эмес, уюмга мүчө мамлекеттер алдындагы жоопкерчилик катары да карайбыз.
— КР Ички иштер министрлиги Борбордун ишинде кандай роль ойнойт?
— Ички иштер министрлиги үчүн бул багыт түздөн-түз практикалык мааниге ээ. Анткени уюшкан жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири. Ошондуктан Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Борборду түзүү боюнча чечимди практикалык ишке ашырууга түздөн-түз катышууда жана ички иштер органдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга даяр.
Бул, атап айтканда, практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маалымат алмашуу, кесиптик байланыштарды түзүү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнү камтыйт.
Ишибиздин маанилүү бөлүгү Борборду жайгаштыруу үчүн материалдык жана уюштуруучулук негизди даярдоо болду. Ички иштер министрлиги тиешелүү имаратты даярдап, анын ишин баштоо үчүн зарыл шарттарды түздү.
— Бишкекте эл аралык укук коргоо органы түзүлөт деп айтууга болобу?
— Жок, мындай формулировканы колдонуу туура эмес. Бишкек борбору ШКУнун Универсалдуу борборунун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Анын максаты – эл аралык кызматташтыкка жана уюмга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү.
Мында улуттук укук коргоо органдары өз ыйгарым укуктарын сактап, өз мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык гана иш алып барышат. Ошондуктан сөз улуттан жогору турган укук коргоо органын түзүү жөнүндө эмес, кызматташтыктын туруктуу көп тараптуу механизмин түзүү жөнүндө болуп жатат.
Дал ушундай ыкма эл аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу менен бирге ШКУга мүчө мамлекеттердин эгемендигин урматтоого мүмкүндүк берет.
— Борбордун жалпы аймак үчүн маанисин кандай баалайсыз?
— Биз анын түзүлүшүн аймактык коопсуздуктун архитектурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам катары баалайбыз. ШКУга мүчө мамлекеттер макулдашылган аракеттерди жана туруктуу кесиптик өз ара аракеттенүүнү талап кылган трансулуттук коркунучтарга туш болууда. Ошондуктан аймакта кызматташтыктын туруктуу иш алып баруучу механизминин болушу чоң практикалык мааниге ээ.
Бишкек борбору ШКУнун Универсалдуу борборунун жалпы системасынын алкагында иштей турганы өзгөчө маанилүү. Бул улуттук компетенттүү органдардын мүмкүнчүлүктөрүн уюмдун көп тараптуу механизмдери менен айкалыштырууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстан үчүн Бишкек эл аралык иш-чараларды өткөрүүчү жай гана болбостон, коопсуздук жаатында мамлекеттердин практикалык өз ара аракеттенүүсү үчүн туруктуу аянтчага айланышы маанилүү.
— Борбордун ишмердүүлүгү маалымат алмашуу менен гана чектелеби?
— Жок. Бекитилген документтер кызматташтыктын кыйла кеңири багыттарын карайт. Кеп маалыматтык жана аналитикалык өз ара аракеттенүү менен гана чектелбестен, биргелешкен иш-чараларга көмөктөшүү, адамдарды издөө, кадрларды даярдоо, машыгууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана башка өз ара аракеттенүү формалары жөнүндө да болуп жатат.
Ошол эле учурда практикалык иштин конкреттүү механизмдери Универсалдуу борбордун бекитилген документтерине, ШКУнун чечимдерине, мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык ишке ашырылышы керек.
Ошондуктан бүгүн биринчи кезекте уюмдун тиешелүү документтеринде каралган мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз кылуу маанилүү. Борборго азырынча аныктала элек функцияларды таандык кылып, алдыга озуп кетүү туура эмес.
— Борбордун ийгиликтүү иштешинин негизги критерийи эмне болот?
— Негизги критерий практикалык натыйжалар болушу керек. Биз үчүн бул, биринчи кезекте, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу, компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн тездетүү, кесиптик байланыштарды өнүктүрүү жана мамлекеттердин трансулуттук коркунучтарга биргелешип жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Инфраструктураны түзүү акыркы максат эмес. Негизги максат — мамлекеттердин кызматташтыгын натыйжалуу кылуу жана муну менен мамлекеттерибиздин жана жарандарыбыздын коопсуздугуна реалдуу салым кошуу.
— Универсалдуу борбор жөнүндө жобону бекитүү чечими дал Бишкекте кабыл алынганын кандай баалайсыз?
— Кыргызстан үчүн бул чындыгында маанилүү окуя. Биздин өлкө коопсуздук жаатындагы кызматташтык механизмдерин чыңдоону ырааттуу колдоп, 2021-жылы эле Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча адистештирилген борбор түзүү демилгесин көтөргөн. Бүгүн бул демилге ШКУнун Универсалдуу борборунун алкагында институционалдык жактан бекемделди.
Биз муну биринчи кезекте жоопкерчилик катары кабыл алабыз.
Кыргызстан борбордун натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана Уюмга мүчө мамлекеттердин практикалык кызматташтыгын чыңдоого өз салымын кошууга даяр. Бишкек убакыттын өтүшү менен трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эл аралык кесиптик өз ара аракеттенүүнүн маанилүү аянтчасына айланат деп ишенем.
— ШКУга мүчө мамлекеттерге кандай негизги сигналды жеткиргиңиз келет?
— Биздин жалпы сигнал жөнөкөй: коопсуздукту бир мамлекеттин гана аракети менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Ал ишенимди, туруктуу диалогду, маалымат алмашууну, кесиптик өз ара аракеттенүүнү жана трансулуттук коркунучтарга биргелешип жооп кайтарууга даярдыкты талап кылат. Кыргызстан дал ушундай практикалык кызматташтыкты колдойт.
ШКУнун Универсалдуу борборунун түзүлүшү жана Бишкекте трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун жайгаштырылышы – ушул багыттагы конкреттүү кадамдар.
Бул механизмдин натыйжалуу иштеши ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берип, аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенебиз.