Кырчында абал тынч, тартип көзөмөлдө – ИИМ башчысы

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 14:14
copyright icon Чолпон Жумалиева

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар учурунда коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу толук камсыздалууда. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков "Кабар" агенттигине билдирди.

Министрдин айтымында, иш-чаралардын алгачкы күндөрүндө элдин агымы көбөйгөнүнө байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

"Учурда Кырчын жайлоосунда чет өлкөлүк туристтер, жергиликтүү меймандар жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген жарандар тынч жана коопсуз эс алып жатышат. Жайлоо аймагында коомдук тартипти бузуу жана укук бузуулар катталган эмес.
Коопсуздукту камсыз кылууга ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо органдарынын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тартылып, күчөтүлгөн режимде биргелешип иш алып барууда", - деди министр.

Ошондой эле министр ипподромдогу спорттук мелдештер учурунда спортчулардын, көрүүчүлөрдүн жана коноктордун коопсуздугу көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.

"Учурда кооптонууга эч кандай негиз жок, кырдаал толугу менен тынч. Элибиздин маанайы көтөрүңкү. Биздин башкы максатыбыз – жарандарыбыздын жана меймандарыбыздын эс алуусун коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүүсүн камсыз кылуу", – деди Улан Ниязбеков.

Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосундагы майрамдык жана спорттук иш-чаралар белгиленген тартипте уланууда.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.