Ниагара Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстандын желегинин түсүндө жаркырайт

Коом 29 август 2025 10:00
539474077_1080493250866305_1631393752158086415_n.jpg
540300670_1080.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
539474077_1080493250866305_1631393752158086415_n.jpg
540300670_1080.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө карата Ниагара шаркыратмасы Кыргызстандын желегинин түстөрүндө жарыктандырылат. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарыктандыруу саат 22:30да башталып, 15 мүнөткө созулат. Канада жана Америка Кошмо Штаттары тараптан көрсө болот.

Канадада жашаган кыргызстандыктар үчүн жолугушуу, гимндин аткарылышы, "Кара-Жорго" флешмобу, ошондой эле комузда музыкалык номер тартуулануусу пландалууда. Жолугушуу жери - Table Rock Southeast Flagpole.

Элчилик Монреалдагы KG Québec-communauté kirghiz кыргыз коомчулугуна жана Niagara Parks мекемесине ыраазычылык билдирет.