Өнүгүүгө сүрөгөн саясий туруктуулук: 5 жылда Кыргызстан кандай өзгөрдү?

Аналитика 28 август 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-08-27 at 18.58.59.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Акыркы беш жылдык кыска убакыт ичинде Кыргызстан өзүнүн ички дараметин жана өнүгүп, өсүүгө болгон умтулуусун көрсөтө алды. Эгемендиктин 30 жылында жасалбаган иштер, 5 жылда чыйрактык менен эселеп аткарылып жатат. Биздин өлкө өз күчү жана өз ресурстары менен ири долбоорлорду ишке ашырууга жарап калды. Мунун негизинде саясий туруктуулук жана бийликтин саясий эрки турганы баарыбызга маалым. Алдыда өнүгүү ыргагын бузбай, ушул кезге чейин жасалган эмгекти текке кетирбей улап кетүү зарыл. Бул үчүн саясий туруктуулук сакталып, элдин биримдигинин болуусу шарт. Болбосо, эгемен Кыргызстандын буга чейинки 30 жылдык тарыхы төңкөрүштөр, бүтпөгөн саясий толкундоолор менен коштолуп, мамлекеттик иштерди ырааттуу аткарууга мүмкүн болгон эмес.

Саясий туруктуулуктун баркы кандай экенин биздин өлкөнүн коомчулугу акыркы 5 жылда жакшы түшүндү. Кечээ жакында эле Кыргызстан ички саясий каатчылыктан башы чыкпай, чек ара маселелерин чече албай, экономикасы араң социалдык чыгашаларын тышкы карыздын эсебинен жаап калган. Отуз жылдык тарыхта бир эмес үч жолу төңкөрүштү башынан өткөрүп, сыртынан караганда бул окуялар "адилетсиздикке жана коррупцияга каршы элдик толкундоо" деп аталганы менен, мамлекеттик түзүлүшкө, экономикага жана коомго тийгизген кесепеттери өтө оор болгону эсибизде.

Ар бир төңкөрүш өлкөнүн экономикасын улам артка тартып жатты. Талап-тоноочулуктар чет элдик инвесторлор арасында Кыргызстанды “тобокелдиги өтө жогору, мыйзам иштебеген өлкө” кылып көрсөтүп, капчыктууларды качырды. Саясий топтор арасында реваншизм кайталанып, мамлекеттик өнүктүрүү шарттары азайган. Натыйжада, мамлекеттик органдарда туруктуулук жоголуп, кадрдык башаламандык орун алган. Ири долбоорлор, реформалар чийки калып, өлкө узак мөөнөттүү стратегиялык пландарды ишке ашырууга алы жеткен эмес. Мамлекет ички саясий каатчылыктан башы чыкпай, чек ара маселелери чечилбей калган. Бир мектептин курулушун чоң жаңылык көрүп, фонтандын ачылышын кадимкидей майрамдаган элек. Мамлекеттик ипотекалык үйлөр туурасында сөз да жок болчу.

Акыркы беш жыл эгемен Кыргызстандын тарыхында маанилүү бурулуш мезгил болуп калганына баарыбыз күбөбүз. Анын негизинде эң оболу саясий туруктуулук турганы айдан ачык. Саясий туруктуулук болгон үчүн дал ушул беш жылдыкта Кыргызстан эгемендиктин 30 жылында жетпеген ийгиликтерге жеткенин көрдүк. Адегенде Кумтөр алтын кени Кыргызстанга өттү, ага улай биздин өлкө Тажикстан жана Өзбекстан менен ондогон жылдардан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесин жөнгө салып алды. Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу сырттан карыз сурабай, мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап аскердик техникаларды сатып алды.

Инвесторлордун ишенимин кайтарып Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курула баштады. Эми Кыргызстан деңиз жолдоруна жана негизги соода хабдарына туташтырган транзиттик мамлекетке айланат деп турабыз. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке ашыруу жана ондогон чакан ГЭСтердин, күн, шамал электр станцияларынын ишке кириши өлкөнү жакынкы келечекте таңсыктыктан чыгарып, энергиянын экспортеруна айландырат деп үмүт артып жатабыз.

Миңдеген социалдык батирлер берилип, пенсия, маяна аз-аздап көбөйүүдө.

Ири транзиттик, логистикалык, туристтик, инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырылып жатат. Жылына 100 өндүрүштүн ишке кирүүсү кадимки көрүнүшкө айланды. Натыйжада Кыргызстан ИДПсы өсүү темпи боюнча Борбордук Азияда жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундарды ишенимдүү кармап турат. Казына триллиондук көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө.

Өлкөнүн мындай ийгиликтери дүйнөлүк коомчулук үчүн жөн эле цифра эмес. Эл аралык абройлуу финансылык институттар Кыргызстанды тез өнүгүп жаткан экономика деп тааныганы биздин мамлекетке аброй жана ишеним алып келди. Мындан 15 жыл мурун Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер болгондо добуш топтой албай койгон эле. 2026-жылы БУУнун дээрлик 142 өлкөсүнүн добушуна ээ болуп, тарыхта биринчи жолу эл аралык уюмдагы чечим кабыл алуучу позицияга ээ болду. Президент Садыр Жапаровдун БУУнун алкагындагы климаттык демилгеси колдоого алынып, эл аралык ири уюм тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн 5 жылдыгын жарыялады. 2027-жылы Бишкек Глобалдык тоо саммитин өткөрөт.

Бир нече күндөн кийин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити Кыргызстандын саясий салмагын дагы да арттырары күтүлүүдө. Биздин өлкө тарыхта биринчи жолу 20дан ашык өлкөнүн президентин тосот. Бул үчүн масштабы таң калтырган ири инфраструктуралар салынды. Кыргызстан туруктуу, жоопкерчиликтүү жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү өнөктөш катары өзүн көрсөтүү алдында турат.

Демек, өлкөбүз беш жылдык кыска убакытта эле өз дараметин жана дымагын көрсөтө алды. Албетте, кемчилик жок деп айтууга болбойт. Өнүгүү жолунда иш алып баруу оңой-олтоң иш эмес. Айрым кемчиликтердин шылтоосу менен коомду дүрбөткөн ар кыл пикирлер, чагымчыл иштер болбой койгон жок. Мындай аракеттер акыркы кездерде да байкалып жатат. Өзгөчө социалдык тармактарда коомчулукту козуткандар да жок эмес.

Өлкөдө саясий туруктуулук орноп, бийлик саясий эрк менен ыкчам иштеп, натыйжа көрсөтүп жаткан маалда эл арасына бүлүк салгандардын аракети коомчулук тарабынан сынга алынууда. Анткени туруктуулуктун баасын эл деле жакшы билип калды.

Төртүнчү төңкөрүштү эңсеп, от менен ойноп жаткандар өлкөнү кандай коркунучтуу туңгуюкка түртүп жатканын аңдабай жатышканын жазуучу, публицист Олжобай Шакир социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу айтып чыкты. Аны бийликчил деп атоо кыйын. Бийликке да, башкаларга да “өзгөчө” пикири бар экени маалым. Ошого карабай үч жолку төңкөрүштөгү каатчылыктардын, башаламандыктардын күбөсү катары мурдагыдай өлкөнү артка кетирүүгө жол бербөө зарылдыгын билдирди.

“Бул бийликке эбедейим эзилип тургандан калыс пикир айтып жатканым жок. Тек гана учурда соцтармактарда мамлекетте төртүнчү жолку төңкөрүштү уюштурууга кызыктар замандаштардын аракетин көрүп жатабыз. Бул от менен ойногондой кеп. Ошондуктан биз алдын ала коомго коңгуроо кагууну эп көрдүк”, - деди Олжобай Шакир.

Ал лидер деп аты аталып жүргөндөрдүн арасында мамлекеттик жоопкерчиликти тың алып кете тургандар барбы деген суроону койду. Ага улай мыйзамдуу бийлик алмаштыруу маданияты маанилүү экенин, бийликти шайлоо атаандаштыгында гана жеңип чыгуу жолу менен алууга жетишүү зарылдыгын белгиледи.

“Кокус, төртүнчү жолу төңкөрүш болуп кете турган болсо, ага май тамызып жаткандар бийликтин тизгинин согуштук аянт жарата турган топтордун колуна карматасыңар. Атамбаев болсун, Мадумаров болсун, Ташиев болсун, булар реваншисттик бийликти каалайт. Башкача айтканда, булардыкы тарыхый кек. Андыктан биз шайлоого чейин эмнеге шашылабыз?
Биз өлкөнүн тынчтыгын кааласак, жөн эле элди козута бербей, пикир айтуудан мурда акыл чайкоо керек. Саясий олимпте азыр жоопкерчиликти алып кете турган ким бар? Эмнеге биз саясий жол, саясий маданият, саясий салт жана шайлоо жолу менен бийлик алмаштырууга көнбөйбүз. Мен эч качан агрессиянын жактоочусу болгон эмесмин. Гуманист катары мен онлайн митингди демилгелегеним ошол болчу. Себеби, бизде жапайы коомдун өрнөгүн көрсөтүп ак үйдү басып алуу, башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу норма болуп калган, же болбосо, сүрмө топ айдап келип лидер деп эсептеген адамдарын мэр, губернатор же президент кылып алат. Ошону менен биз кайра артка кетпейбизби. Бизге тынчтык маанилүү. Ырааттуу өнүгүү жолуна түшөбүз десек, биз, азыркы бийликти жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү улуттук консолидация деген болушу керек. Себеби, жалындап күйүп, сыздамыш болуп жаткандар мамлекетти жардын кырына такап коюшу тез эле”, - деди Олжобай Шакир.

Адабиятчы дагы бир кооптуулук катары, учурдан пайдаланып кете турган радикалдуу диний жамааттардын күчүн да эске салуу керектигин белгиледи. Ал сөзүн элди сабырдуу болууга чакыруу менен жыйынтыктаган.

Чындыгында, тарых бизге бир нерсени так көрсөттү. Бийлик алмашкан сайын мамлекет эмес, биринчи кезекте эл жабыркайт. Ошондуктан ар бир саясий кадам ойлонуп жасалуусу керек. Бул туурасында мамлекеттик башкаруу боюнча илимий изилдөөчү, президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин улуттук эксперт-консультанты Замир Айылчыев билдирди.

1680454775_zamir-ajylchiev678dlzh
“Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп келгенде алдына бир топ маанилүү милдеттерди койгон. Бүгүн алардын көпчүлүгү ишке ашып жатканын көрүп жатабыз. Эң негизгиси бул иштердин баары тынчтык жана туруктуулук болгон шартта гана улантылып, натыйжа бере алат.
Ошондуктан бүгүнкү күндө бизге кайрадан саясий тирешүү же төңкөрүш эмес, реформаларды улантуу, экономиканы өнүктүрүү жана элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу керек. Өлкөнүн жетишкендиктерин жокко чыгарбай, кемчиликтерди да ачык айтып, алдыга карай биргеликте аракет кылышыбыз зарыл. Тарых бизге бир нерсени так көрсөттү. Бийлик алмашкан сайын мамлекет эмес, биринчи кезекте эл жабыркайт. Ошондуктан ар бир саясий кадамдын артында Кыргызстандын келечеги, балдарыбыздын тагдыры жана өлкөнүн туруктуулугу турушу керек. Мен Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү тарыхта реформаларга басым жасаган мезгил катары калып бааланган күн келет деп ишенем. Ал үчүн эң башкы шарт өлкөдө тынчтык, туруктуулук жана башталган иштерди аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк болушу керек”, - деди Замир Айылчыев.

Бүгүнкү күндө ар кандай саясий талаш-тартыштар жетишилген ийгиликтердин баарын тескери бурмалоо жолу менен эмес, укуктук алкакта чечилиши керек. Азыр кеп күч менен бийликти жаңыртуу эмес, экономикалык өсүш, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу, социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана мамлекеттик институттарды чыңдоо жөнүндө болушу керек. Мындай пикири менен медиаэксперт Азамат Касыбеков бөлүштү.

247854.jpg

Ал өлкө өнүгүп жаткан маалда эмне үчүн аны токтотуп, баарын кайра баштоо керек деген суроо салат. Анын үстүнө азыркы бийлик коомчулуктун жогорку деңгээлдеги колдоосуна ээ болуп турат.

“Албетте, көйгөйлөр бар. Азык-түлүк бааларынын, тарифтердин, күйүүчү майдын баасынын жана башка социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн өсүшүнөн тынчсыздануулар бар. Муну танууга болбойт. Бирок бул маселелер өкмөттүн көңүл чордонунда, алар боюнча чечимдер кабыл алынууда. Бааларды турукташтыруу жана инфляцияны ооздуктоо үчүн 37 миллиард сом бөлүндү.
Жөнөкөй бир суроо туулат: бүгүн кимге саясий башаламандык керек? Көпчүлүк акыл калчаган адамдар биринчи кезекте туруктуулукка жана өнүгүүнүн уланышына кызыкдар. Анын үстүнө, бул туруктуулуктун натыйжалары көрүнүп жатат. Ири масштабдуу жолдор жана турак жайлардын курулушу жүрүүдө. Бишкек өзгөрүп жатат, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Коомдун логикасы түшүнүктүү. Чындыгында эле эгер өлкө өнүгүп жатса, анда эмне үчүн бул процессти токтотуп, баарын кайра баштоо керек?”, - деди Азамат Касыбеков.

Эксперттер көпчүлүк акыл-эстүү жарандарга жаңы революциялардын кереги жок экенин белгилешет. Азыр эл да белгисиздикти эмес, жаркын келечекти, тынчтыкты жана өлкөнүн үзгүлтүксүз өнүгүүсүн алда канча жогору баалап калган. Ал эми мамлекет акыркы беш жалды өнүгүүгө жетелей турган өзгөрүүлөргө баруу мүмкүн экенин далилдеди.