Мамлекеттин учурдагы өнүгүү багытындагы маанилүү маселелер боюнча президент Садыр Жапаров билдирүү жасады. Мамлекет башчысы коомчулукта активдүү талкууланып жаткан жер саясаты, мамлекеттик карыз, энергетика тармагы жана чет элдик туристтерге байланыштуу кырдаалга токтолуп, бийликтин так позициясын билдирди. Бул багыттар өлкө экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгилеп, жарандарды түрдүү манипуляцияларга алдырбоого чакырды.

Чек аралар такталгандан кийин Кыргызстандын жери 15 миң гектарга кеңейип, учурда 20 миллион гектардан ашкан. Анын 0,1 пайызын инвестициялык жерлер түзөт. Президент Садыр Жапаров отуз жылдан бери завод-фабрикалар менен жумуш орундарын түзүүгө берилген тилкелер эч нерсе курулбастан, колдон колго сатылып же башка багыттарга мыйзамсыз бурулуп келгенин билдирди. Өлкө башчысы мыйзам бузууларга жол берилбей турганын, ошол эле убакта инвесторлорго шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.
“Завод курулса - элибиз иштейт. Логистикалык борбор курулса - ишкерлерибиз товарын экспорттойт. Туристтик объектилер курулса - аймак өнүгөт. Электр станциялары курулса - өлкөбүз электр энергиясы менен камсыз болот”, - деди президент Садыр Жапаров.
Бүгүнкү күндө улуттук же мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлордун катарына "Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу", "Куланак ГЭСин куруу", "Бишкек Арена" стадионун куруу, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу", Асман экологиялык таза шаарын куруу долбоорлору жана башка стратегиялык мааниге ээ инвестициялык долбоорлор кирет.
Өкмөттүн жер саясаты боюнча позициясын Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги да белгиледи.

“Мындай жер тилкелеринде күн жана шамал электр станцияларын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду, өндүрүш ишканаларын, заводдорду жана фабрикаларды, ошондой эле эс алуу-туризм комплекстерин, соода жана бизнес борборлорун, транспорттук жана инженердик инфраструктура объекттерин курууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошону менен катар, мамлекеттик жер тилкелери ар кандай курулуш үчүн эмес, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошо турган, улуттук же мамлекеттик мааниге ээ болгон ири инвестициялык долбоорлор үчүн гана мыйзамда белгиленген тартипте жана бардык талаптар сакталган учурда берилет”, - деди Жаңыбай Дыйканов.
Насыялар киреше алып келүүчү долбоорлорго жумшалат
Ошондой эле президент Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы карызын башкарууда анын максаттуулугуна багытталган өзгөчөлүктөр киргизилгенин белгиледи.
- Каражат кылдат пайдаланылып, өзүн-өзү каржылаган долбоорлорго чегерилет.
- Өкмөт мамлекеттик карызды ИДПга карата 50%дан ашырбоосу керек.
Учурда Кыргызстандын ички жана тышкы мамлекеттик карыздарынын баары 8,9 млрд долларды түзөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да, Финансы министрлиги да тышкы карызды төлөөдө эч кандай маселе жок экенин айтып келишет. Мында карыздын суммасына эмес, ИДПга карата үлүшүнө көңүл буруу зарыл. Мурда карыздын үлүшү өлкөнүн экономикасына салыштырмалуу жогору болсо, азыр бул көрсөткүч кыйла төмөндөгөн.
Ошол эле убакта биздин өлкөнүн эл аралык резервдери 10 млрд доллардан ашты.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда адистерге муктаждык
Президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөгө Кумтөр алтын кениндей эле узак убакытка ири киреше алып келерин жана Кыргызстанды транспорттук туюктан чыгарып, дүйнөлүк деңгээлдеги транзиттик мамлекетке айлантарын билдирди. Мамлекет башчысы кошуна өлкөлөрдөн дагы артта калбоо үчүн долбоорго чет элдик адистер тартылып, иш башталганын белгилейт. Жарандарды ири стратегиялык курулушка бут тосууга аракет кылган ички жана тышкы күчтөрдүн манипуляцияларына алдырбоого чакырды.
Темир жол Кыргызстанды эле эмес Борбор Азияны деңизге чыга албаган обочолонгон аймактан ири континенттер аралык хабга жана энергетикалык борборго айлантууда.
Экономист Нургүл Акимова бул жолдун экономикалык мааниси эбегейсиз экенин айтат.

“Экономика жолдон башталат. Эгер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салынып бүтсө, деңизге чейинки арзан маршрут болмок. Азыр биздин товарлар Түштүк Азия тарапка авто жол менен ташылат. Ал кымбат жана узак убакытты талап кылууда. Темир жол баштаган инфраструктура түзүлсө көп тараптуу соода жүгүртүү жанданат эле. Кыргызстан КМШ, Кытай менен эле соода кыла бербей, альтернативдүү экономикалык мейкиндиктерге чыга алат”, - деди экономист.
Энергетикалык көз карандылыктан кутулуу аракети
Суу башында жайгашкан Кыргызстан энергетикага көз каранды мамлекет бойдон калууда. Президент Садыр Жапаров эгемендик жылдарында өлкө бир гана агрегатты Камбар-Ата-2 ГЭСин ишке киргизип, кышында электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын белгиледи.
“Таңкыстык болгон энергияны өзүбүз суу менен камсыздаган кошуна өлкөлөрдөн алып келе жатыптырбыз. Бүгүн да алып жатабыз. Эмне деген уят иш. Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөбүз. Себеби, бир дагы чоң ГЭС салган эмеспиз. Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Айла жок кыштын күнү энергия сатып алып жатабыз”, - деди президент Садыр Жапаров.
Акыркы беш жылда республикада рекорддук көрсөткүчтө - 50 чакан ГЭС ишке киргизилип, дагы 50гө жакын ГЭС курулуп жатканына карабастан, өнөр жайынын жана турак-жай курулушунун тез өсүшү электр энергиясын өндүрүүдөн озуп келе жатат.
Андыктан энергетикада чечимдерди кабыл алып, стратегиялык пландарды бекитүүдө ыкчамдык керек экендигин экономист Кубат Рахимов билдирди.

“Аппликата” стратегиялык чечимдер борбору Кыргызстандын энергетикасы боюнча изилдөө жүргүзүп, бир катар жыйынтыктарга келген.
“Алдыдагы кубаттуулуктардын кошулушу тармакты акырындык менен кеңейтүүнүн ордуна, анын масштабын өзгөртүп жатат. Жарыяланган долбоорлордун жалпы кубаттуулугу — Камбар-Ата-1 ГЭСи, Ысык-Көлдөгү күн энергиясы кластери, Кара-Кече көмүр генерациясы, чакан ГЭСтер жана потенциалдуу чакан атомдук электр станциясы — 6 ГВттан ашат. Бул энергетикалык системанын кубаттуулугун 2 эсе көбөйтөт. Ишке аша турган болсо өлкө 10 жылдын ичинде өнөкөт тартыштык абалынан ашыкча энергия абалына өтөт дегенди билдирет.
Ал эми, убакыт алкагы саясий цикл менен эмес, климаттык цикл менен аныкталат. Чөлкөм мөңгүлөрүнүн болжол менен 30 пайызын жоготту, кийинки 10-30 жылдын ичинде дарыя агымынын кескин төмөндөшү күтүлүүдө. 2040-жылга чейин суу ресурстарына келтирилген жүк үч эсе көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле убакта коңшу өлкөлөр атомдук электр станцияларын куруу этабына кирип жатат. Айтайын дегеним, энергетика сыяктуу ири тармактарда стратегиялык пландарды бекитүү үчүн убакыт аз. Чечимдер алдыдагы 5-7 жылда кабыл алынышы керек. Болбосо кийин курула турган объекттер таптакыр башка климатка туш болот. Энергетиканын келечегин так аныктап, долбоорлорду бекитип алуубуз керек”, - деди экономист Кубат Рахимов.
Ар бир турист экономикага салым кошуп кетет
Өлкө башчысы экономиканы өнүктүрүү жолунда Кыргызстан үчүн туризмдин потенциалы да кеңири колдонулуп жатканын белгиледи. Өлкөгө келген коноктордун саны 2-3 миллиондон 13 миллионго чейин өскөн. Президент бул көрсөткүч өлкөнүн ИДПсына кошумча 4-5% өсүш алып келгенин жана ар бир жарандын бакубат жашоосуна салым кошконун айтат.
“Аларды жакшылап тосуп алышыбыз керек. Себеби, ар бир турист ИДПга салым кошот. Бул деген ар бир турист ар бир Кыргызстандыктын жакшы жашоосуна салым кошуп кетти деген сөз. Ошондуктан ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар. Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт. Туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат. Ар бир кыргызстандык курулушта иштегиңер келбесе, туристерди тосуп гид болуп иштегиле. Туризмди өнүктүрүүгө азыртадан салымыңарды кошкула”, - деди өлкө башчы Садыр Жапаров.